Түркияда Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

2021 -жылдын 23 -августунда Анкара шаарында, “Zafer” соода борборунун көркөм галереясында, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү.Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Ачылыш аземине элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Анкаранын вице-мэри Сержан Чыггын катышты.

Көргөзмөдө Кыргызстандын байыркы тарыхы, маданияты, кооз жаратылышы, турмуш-тиричилиги жана улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлдү.

Иш-чара элчилик жана Анкаранын беледиеси (мэриясы) тарабынан уюштурулган.

Сүрөт көргөзмөсү 28-августка чейин созулат. Кирүү акысыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.