Түркия Кыргызстанга жардам катары 150 миң доза COVID-19 вакцинасын берет

Түркия Кыргызстанга 150,000 доза “Sinovac” COVID-19 вакцинасын берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, министрликте министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын жолугушуусу өттү.

Элчи Түркия гранттык негизде Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза вакцина берерин айтты.

“Дос болгон түрк элине жана Түркия Республикасынын жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирүүгө уруксат этиңиз. Вакцинанын ар бир дозасы бир өмүрдү сактап калат. Бир тууган түрк элинин жардамы жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн абдан маанилүү жана зарыл”, – деди Бейшеналиев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.