Түркия Кыргызстандагы даяр долбоорлорго инвестиция салууну көздөөдө

Түркия Кыргызстандагы даяр долбоорлорго, айрыкча инфраструктура тармагына инвестиция салууну ниет кылышууда. Бул тууралуу Хатай шаарынын мэри Лутфу Саваш Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Бактыбек Кудайбергеновдун Түркиядан келген ишкерлер делегациясы менен жолугушуу учурунда билдиргенин борбор калаанын муниципалитетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин дагы талкуулашты. Бактыбек Кудайбергенов өз кезегинде Covid-19дун биринчи толкуну учурунда көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык билдирип, Түркиядан келген ишкерлерди колдоого даяр экендигин белгиледи.

Түрк делегациясынын курамында Соода-өнөр жай палатасынын башкармалыгынын төрагасы Левент Хаккы Йылмаз, Антакья уюшкан өнөр жай аймак башкармалыгынын төрагасы Таксин Кабаали, Хатай аймагынын мэринин кеңешчиси жана башка ишкерлер бар экени белгиленди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.