Түркия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кыргыз тарап менен тыгыз байланышта өткөрөт

2020-жылы Түркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кыргыз тарап менен өз ара тыгыз байланышта ийгиликтүү өткөрөт. Бул тууралуу Түркия Республикасынын Улуу улуттук жыйынынын Спикери Бинали Йылдырым өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолуккан учурда билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлагандай жолугушуу 6-декабрь күнү болгон.

Анда, Абулгазиев өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин чыңдалышын канааттануу менен белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, товар жүгүртүү көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 25%га өскөн жана 277 миллион долларды түзгөн. Мен бизде бул багытта мындан да мыкты ийгиликтерге жетишүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигине ишенем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр маалымдагандай, бүгүнкү күндө бир катар түрк жана биргелешкен компаниялар Кыргызстанда ар кыл тармактарда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Өкмөт башчы ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы Түркиянын кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин (ТИКА) өзгөчө ролун белгиледи жана көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары тараптар эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, транспорт жана башка тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Түркия Улуу улуттук жыйынынын спикери Бинали Йылдырым, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы саясий өз ара аракеттешүүлөрдүн деңгээли жогору  деп белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылы биздин мамлекет башчылар бир нече ирет жолугушту, парламент спикерлери туруктуу байланышта, өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуулар улантылууда. Мунун баары эки өлкөнүн ортосундагы өз ара алакалардын жогорку деңгээлин күбөлөндүрөт», – деди Бинали Йылдырым.

Бинали Йылдырым Кыргызстанды Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүсү менен куттуктап, 2020-жылы Түркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кыргыз тарап менен өз ара тыгыз байланышта ийгиликтүү өткөрүүгө ишеним билдирди.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу деңгээлине жана өз ара туруктуу колдоого канааттануусун билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген