Түрк тилдүү журналисттердин ассоциациясын түзүү демилгеленди

Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү Түркиянын Стамбул шаарында жолугушту. Бул иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациясы катышты.

Кыргызстандын журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилеринен турган делегациясы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат жана массалык коммуникация департаментинин башчысы Салкын Сарногоеванын жетекчилигинде катышты.

“Аягында кийинки окутуу тренингинин программасы, өтө турган орду жана убактысы талкууланды. Эми ушундай окутуу тренинги болгондо журналисттик иликтөө боюнча пунктту камтууну сунуштадык. Бул демилге бардык катышуучулар тарабынан колдоого алынды”, – маалымат жана массалык коммуникация департаментинин башчысы Салкын Сарногоева.

Жолугушууда Кыргызстан тарап түрк тилдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин ассоциациясын түзүүнү демилгеледи. Эми кыргыз тарап тандоо критерийлерин, долбоордун уставын иштеп чыгышы керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.