Түрк ишкерлери Баткен облусунда спорт комплексин курат

Түрк ишкерлери Баткен облусунун тургундарына социалдык жардам катары спорт комплексин курууну каалашууда. Бул тууралуу инвестициялар министринин Түркиядан келген ишкерлер менен жолугушуусунда талкууланды, деп аталган министрликтин фейсбуктагы баракчасында жазылды.

Анда белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жүндү кайра иштетүү, спорт комплексин, маданий жайларды куруу, ошондой эле катуу таштандыларды кайра иштетүү жаатындагы долбоорлорду биргеликте ишке ашырууну макулдашышты.

Өз кезегинде Алмамбет Шыкмаматов түрк тарапка чет элдик инвесторлорго жер тилкесин берүүнүн жол-жоболору жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында тараптар объектилерди текшерүү үчүн иш сапарын пландаштырып жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.