Түрк басылмасы: Орхан Инанды колго түшүп, Түркияга алынып келди

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган телеканалда түз эфирде атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башчысы Орхан Инанды колго түшүрүлүп, Түркияга алып кеткенин билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн Haberler басылмасы жазып чыкты.

“Улуттук чалгындоо уюмунун аракеттеринин натыйжасында ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башчысы Орхан Инанды биздин өлкөгө алып келип, сот жообуна тартты. ФЕТОну жок кылуу боюнча аракеттерибизди чечкиндүү улантып жатабыз. Биз өлкөдө жашырынып жүргөн ФЕТОнун мүчөлөрүнүн олуттуу бөлүгүн аныктап жана аларды коомчулуктан тазалайбыз. Бул күрөштүн узак мөөнөттүү мүнөзүн түшүнүп, биз бул ишти улантабыз “,– деди Түркиянын президенти.

Эске салсак, “Сапат” лицейлер тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инанды, 31-майда Бишкекте дайынсыз жоголгон. Милиция “Адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

“Сапат” лицей тармагы Инанданын жүргөн жери жөнүндө маалымат бергендиги үчүн сыйлык жарыялаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.