Түрк басылмасы Орхан Инанды Борбор Азиядагы ФЕТО уюмун жетектегенин мойнуна алгандыгын жазды

Түркия соту Орхан Инандыны камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү sondakika.com басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, Орхан Инанды суракка алынган.

“Ал оппозициялык Фетхуллах Гүлендин Борбор Азиядагы ФЕТО уюмунун лидери болгонун моюнуна алды”.

“Анкара шаарынын прокурору Бирол Туфан тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында, Инандыны камакка алуу мөөнөтү 11-июлга чейин узартылды. Инандынын сурак иштери кечээ аяктады. Ал бүгүн сотко жеткирилет”, – деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болгон. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-июлда, Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин TRT1 телеканалынынан билдирген.

6-июлда президенттин тапшырмасы менен тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчисине Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырлыган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.