Түндүк -Түштүк жолунун курулушуна 20 млн доллар насыя алынууда

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушун каржылоо боюнча насыялык келишимди жактырды.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматында, алынып жаткан насыя аталган каттамдын 24 чакырымын оңдоого жумшалат. Насыяны төлөө мөөнөтү 25 жыл, бир пайыздык үстөк менен берилет. Келишимде насыяны мамлекет 2023-жылдан баштап төлөй турганы макулдашылып, каражат 2042-жылга чейин төлөнүп бүтөрү бекитилди.

Эске салсак, Түндүк – Түштүк автожолунун жалпы узундугу 433 чакырым. Ушу тапта 74 чакырым жолдун курулушунун каржы булагы табыла элек. Жол 2020-жылы ишке киргизилет, ал эми 2022-жылы толугу менен кабыл алынат.

Сүрөт: vb.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген