Түгөнбөс кенч болбойт: Кыргызстан ар 10 жылда жайыттардын ондон бир бөлүгүн жоготууда

Кыргызстанда жайыттардын чөп беримдүүлүгү 40%га азайып кетти. Буга малдын санынын өсүшү, деградациянын арты менен жайыт аянттарынын кыскарышы себеп. Өзгөчө Ош, Баткен, Чүй облустарында абал өтө оор. Адистер бул аймактарда мал башын дагы көбөйтүүгө таптакыр болбойт дешет.

Жайыт тартыштыгы – өлкөнүн көйгөйү

Алтынбек Базиев Оштун Ноокат районунда жашайт. Анын мал карап, тиричилик кылганына 15 жыл болду. Чабан элдин малын 3-4 ай жайлоодо карап берет. Бирок Алтынбек кийинки жылдан башка иш кылууга аргасыз болууда. Жайыт жерлердин тартыштыгынан мал кароого дээрлик болбой калганын айтат.

Жыл сайын 300дөн ашуун кой, 50дөн ашуун уй багам. Айылдыктардын малын чогултуп жаздан күзгө чейин карап берем. Бирок быйылдан кийин бул ишимди кылбайм деп чечтим. Анткени жер жок. Баары менчикке берилип кеткен. Айдасаң эле бирөөнүн эгин талаасына кирет. Чөптөр да жакшы болбой жатат. Алыскы жайыттарга барууга жол жок, же ал дагы бирөөлөрдүн менчиги”, – дейт чабан Алтынбек Базиев.

Алтынбек жайыт тартыштыгына кабылган жалгыз фермер эмес. Көйгөй бүт өлкөнү камтып, адистердин божомолу жакшы эмес – бул кетиште Кыргызстан экономикасынын өзөгүн түзгөн  казынасынан ажырап калышы мүмкүн.

Ноокат районунунда  ири мүйүздүү малдардын саны 240 миңден ашат. Жайыт жердин  аянты – 78 миң гектар. 20 миң кара малга таптакыр жайыт жетпейт. Малдын саны көп болгондуктан, жайыт жерлер такырга айланып, чөп чыкпай калып жатат. Азыр Ноокат районунун аймагында такырланган 10 миң гектар жер бар.

Эми алдын алуу үчүн биз чөп чыгарышыбыз керек. Адамдар малдарын чөп бир чыкканда эле жайытка айдап жатышат. Аларга апрель айларынан гана мал жайса болот деп түшүндүрүп келебиз. Чөптөрдүн уруктары болсо кымбат. Ошон үчүн малды жайытка киргизбей туруп, алардын өздөрүнүн уруктарынан көбөйтөлү деп турабыз. Бадалдарды отуругузуп, жок болуп кетүү коркунучунда турган жайыттарыбызды кайтарбасак болбойт. Акыркы жылдары жайыт жердин тартыштыгы башкы көйгөйгө айланууда”, – дейт Ноокат райондук жайыт комитетинин төрагасы Ташмат Жолдошов.

Малдын саны өсүүдө, а жайыт аянттары кыскарууда

Кыргызстанда 9 млн гектардан ашыгырак жайыт жер бар. Анын ичинен 1 млн гектары токой чарбасынын карамагында. Калганына жаз-жай мезгилдеринде мал жайылат. Акыркы 10 жылда жайыт аянты 10%га кыскарып кеткен. Ошол эле маалда малдын шарттуу башы 30%га өскөн.

Аныктама: мал чарбасында малдын шарттуу башы (условное поголовье скота) деген түшүнүк бар. Бардык мал түрлөрүнүн башы кой менен саналат. 1 ири мүйүздүү мал=5 кой, 1 жылкы=6 кой.

Мал башы көбөйгөн сайын жайыттарга ашыкча жүк түшө берет. Анын үстүнө эл алыскы жайыттарга барбай, жакынкыларына жыл сайын мал жая бергени абалды ого бетер оорлотот. Нормага ылайык, 1 гектар жерге 1,6 шарттуу баш мал туура келиши керек. Бул чек Талас, Нарында эле сакталбаса, башка аймактарда жүктөм 1,5 эсеге чейин ашып кеткен. Адистер Ош, Баткен, Чүй облустарында малдын башын дагы көбөйтүүгө таптакыр болбойт дешет.

Жайыттарга түшкөн ашыкча жүктөм жалпы эле жер пайдалануунун бүгүнкү абалын көрсөтүп турат. Оптималдуу экологиялык нормадан ашып кетүү деградациялык процесстерге, жайыттардын тоюмдуулугуна терс таасир этет. Барып-барып жер пайдалануудан чыгат.

Деградацияда жайыттардын текши пайдаланылбай жатышы – негизги көйгөй. Жаз-күздө айылга жакын жерлерге мал жайылат да, ашыкча жүк түшөт. Ал эми алыскы тоолорго эч ким барбайт. Буга жол, көпүрөнүн жана малды жеткирүүгө транспорт, каржынын жоктугу себеп.

Маселени чечүү жолдору

Деградациянын түрлөрүнө жердин такырлануусу, отоо чөптөрдүн чыгышы,  таштак эрозияга туш болгон жерлер кирет.

Бул маселелерди жоюу үчүн  жумушчу программа иштеп чыкканбыз. Суусамырда  20 гектар жерге атайын  илимий иштерди жүргүзгөнбүз. Долбоор жакшы жыйынтык берсе, башка аймактарда дагы улантабыз. Күз айында жайыттарды көрүп чыгып, тиешелүү жетекчилерге жиберебиз”,- деп билдирди Жайыт, мал, балык чарба департаментинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу жана гиф технология бөлүмүнүн башчысы Ырсали Аптысамат уулу.

Мындан сырткары жайыттарды сабатсыз башкаруу, жайыт комитеттерде кесипкөй адистердин жоктугу, кадрлардын улам алмашуусу да себеп.

2009-жылы  кабыл алынган “Жайыт тууралуу” мыйзамда  бул багытта жерлерди жөндөө Жайыт комитеттерине жүктөлгөн. Аларга мал жандыктардын санын көзөмөлдөп,  алыскы жайлоого барчу жолдорду калыбына келтирүү жактары милдеттендирилген. Бирок мыйзам иштеген 10 жылга жакын убактан бери жакшы жакка өзгөрүү дээрлик болгон жок.

Жайыт департаментинин өкүлү Ырсали Аптысамат уулунун айтымында, мал багуу жерлеринин азайып кетишине 2009-жылдагы кабыл алынган токтом дагы таасир этти. Аталган токтом райондук бийликке жайыт жерлерди трансформация кылганга уруксат берген. Андан пайдаланып көп айыл өкмөттөр жер багытын өзгөртүп, менчиктештиргенге үлгүргөн. Муну 2013-жылы гана мыйзам менен чектешкен.

Айлана-чөйрөнү коргоо сактоо зоналарынын уюштурулушу, логистикалык борборлордун курулуп жатышы да жайыт жерлердин кыскарышына алып келүүдө”, – деп кошумчалайт департамент өкүлү.

Жайыттар – мамлекеттин менчиги, элге ижарага берилет. Бирок ижарага берүү менен эле жоопкерчиликти түртө салууга болбойт. Адистер алыскы жайыттарга жол ачып, жерди кезектетип пайдалуу керек дешет.

“ Жайыттардын мониторингин күчөтүш керек. Бардык жайыттарды тегиз иштетип, малчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Аларды окутуп, маалыматтарды берип, жайыттарга акы топтоону жакшыртса болот. Анын эсебинен атайын чөптөрдү себүү керек. Ушул сыяктуу жолдор менен гана деградация маселесин чечсе болот. Жайыт комитеттери окумуштуулардын жүргүзгөн илимий иштерин дагы колдонушса жакшы болмок”,- дейт Орхус борборунун түштүктөгү жетекчиси, эколог Каныбек Исабеков.

Кыргызстан бийлиги акыркы 4-5 жылдан бери жашыл экономика аркылуу өлкөнү өнүктүрүү жөнүндө айтып келет. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну сөзсүз түрдө жайыттардан баштоо керек.  Анткени Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 15%ын айыл чарбасы түзөт. А мындагы мал чарбасынын үлүшү 50%га жакындайт.

Жайыттардын абалынын начарлашы, аянттардын кыскарышын эл да сезет, анткени ар бир экинчи кыргызстандык мал менен жан багат.

 

Даярдагандар: Жылдыз Орозматова, Айдай Беделбекова

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген