“Өңүт”: автотоктомолор дирекциясы планды 104%га аткарган

Ош шаарындагы автотоктмолор 2016-жылдагы планды аткара аблаганы айтылып жаткан. Тактап айтканда, унаа токтоочу жайлардан түшкөн акчанын көлөмү белгиленген сумманын 40%ын гана түзгөнү калаа бюджетин талкуулаган учурда айтылган болчу.

Бирок Ош шаардык мэриясынын экономика, каржы жана инвистиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайыпов аны төгүндөдү.

Анын айтымында, жыл башында 1,3 млн сомдук план жеке токтомолорду эске алуу менен коюлуп калган. Калаада жалпы 65 авто коюу жайы болсо, анын 21и муниципалдык болуп эсептелет.

“Жеке токтомолор планга кирип калган эле. Аларды 2016-жылдын башында салык кызматы патент системасына өткөрдү. Андан соң, 9 айдын жыйынытыгы менен Каржы министрлиги планды кайра тактап туруп, муниципалдык автоктомолорго 800 миң сомдук план киргизген”, – дейт Кайыпов. 

Маалыматка ылайык, автотоктомолор дирекциясы 2016-жылдын планын 104%га, ашыгы менен аткарган. Тактап айтканда, шаардык казынага 800 миң сомдун ордуна 834 миң сом түшүргөн.

Эксперттер болсо, аталган дирекция шаар бюджетине мындан да көп каржы түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгилешет.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz