Сырттан алынып келинген буудайга нарк салыгы киргизилсе ундун баасы кымбаттайт

Оштогу ун заводдор жабылуу коркунучунда. Муну завод өкүлдөрү журналисттер менен болгон жыйында билдиришти. Себеби өлкө боюнча сырттан буудай импорттоп келүү үчүн кошумча нарк салыгы киргизилиши мүмкүн. Бул жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын сатылышына терс таасирин тийгизип, Казакстандан келтирилген ундарга суроо талаптын өсүшүнө жол ачат.

“Саламат” ун заводунун өкүлү Фатхулло Ханиповдун айтымында, эгерде чет жактан алынып келинип жаткан буудайларга нарк салыгы кошулса ундун баасы кымбаттайт. Азыр Ошто сатылып жаткан 1000 сомдук ун 1 200 сомго жогорулайт.

Мындан улам Оштогу ун өндүрүүчүлөр нарк салыгын карап чыгууну белгилеп жатышат. Эгерде салыктын бул түрүнө озгөртүү киргизилсе 5 миң адам жумушсуз калышы мүмкүн. Ош облусунда 6 ун чыгаруучу завод иштейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.