Сындан көтөрүлбөгөн сулуулар сынактарынын багыты өзгөрөбү?

Жакында өткөн “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагы чыр менен коштолду. Уюштуруучуларга нааразы болгон катышуучулардын онго жакыны милицияга арыз менен кайрылды. Бул окуядан улам перилер тандоосу кайрадан күн тартибине чыгып, сынак шарттарына, дегиле тулку боюн эл назарына алып чыккандардын дарегине сындарды айтып жатышат.

Дүйнө сулуусун тандоо мындан 183 жыл мурун башталган. 1888-жылы Белгияда алгачкы сулуулар сынагы өткөрүлгөн. Ошондон тарта бул конкурс ар бир өлкөдө жайылып, андан Кыргызстан да артта калган жок. Барган сайын окуу жайдын, облустун же өлкөнүн сулуусун тандоо кеңири жайыла баштады.

Мындай сынактарды, албетте, маданият жаатында жакшы саамалык катары бааласа болот. Бирок Кыргызстандын сулуусун тандоо мында турсун, окуу жайдын эле конкурсунан кийин да иш чараны колдогондор менен каршылар  соцтармактарда кайым айтышып калмай жайы бар. Аягы жок талкуулардан тажаган коомчулук сынактын багытын өзгөртүп же майда конкурстарды жоюу менен маданий кеченин кадыр-баркын көтөрүү керек дейт. Уюштуруучулар менен сынактын жеңүүчүлөрү болсо жанычылдык киргизүүнүн кереги жоктугун, эл сынактан сулуулукту даңазалаган, чыныгы улуттук жүздөрдү көргүсү келерин белгилеп жатышат.

Замир Божонов 10 жыл катары менен окуу жайда сулуулар сынагын уюштурган. Ал өлкөдөгү конкурстар аркылуу Кыргызстандагы сулууларды даңазалоо болсо, окуу жайларда мындай иш чараларды тарбиялык иштин бир формасы катары көрүүгө болорун айтат. Ошондой эле сулуулукту даңазалап жаткан перилерди баалай билүү керектигин белгилейт.

“Өлкөнүн намысын коргоочу сынактар жогорку денгээлде болуусу шарт. Окуу жайларда болсо сулуулар сынагына катышып жаткандардын билими, өзүн алып жүрүүсү, кырдаалдан чыгып кете алабы, сулуулукту кантип даназалайт ошолорго басым жасалат. Сын пикирлер болсо женилип калган адамдын ызаасынан гана пайда болот. Калыстардын баалоосу же алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн деген сөздөр чындыкка жатпайт. Анткени конкурска чыгуучулар кимдер калыс экенин ошол күнү гана билишет”,-дейт Божонов.

Бирок сулуулар сынагы дайыма эле мынтип адилеттүү өтпөй турганын “Кыргызстан сулуусу-2017” конкурсу көрсөтүп койду. Конкурска бир күн калганда катышпай калган Алтынай Абдымомунова билетти сата албай калганынан улам четтетилгенин, ага кошулуп уюштуруучуга нааразы болгон жети кыз укук коргоо кызматына кайрылышты. Ошондой эле уюштуруучу менен нааразы болгон топтун кайым айтышкан видеосу интернетке тарады.

Кыргызстан сулуусу – 2017” сынагын модель, 19 жаштагы Бегимай Карыбекова жеңип, ага 100 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырылды. Ал Кыргызстандын атынан быйыл өтүүчү “Дүйнө сулуусу-2017” сынагына катышууга жолдомо алды.

Социалдык тармактарда болсо сынактын уюштуруу иштерин эмес, анын багытын өзгөртсө болмок деген да пикирлер айтылууда. Биз сулуулар сынагынан коомчулук эмнени күтөт деген суроо менен сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

Сурамжылоого катышкан 10 адамдын жетиси эле сулуулукту эмес интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу керек деген пикирди айтып жатышты. Экинчи болуп кийимин өзгөртүү, ачык кийимдерден алыстатуу зарыл деген ойлорду айтып жатышты.

Сынактын катышуучулары болсо айтылган сындарды жөн гана бут тоскусу келгендердин терс пикири деп баалашат. Анткени Кыргызстанда өтүп жаткан сынактарда бардык тарабы камтылып эле уюштурулуп жатканын белгилешүүдө.

“Сынакка бир айдан ашуун даярданасың. Ал убакта эч ким деле талаптарын үйрөтпөйт. Шарттарында болсо билим, сулуулук, өзүн алып жүрүү, башкаларга тарбия берүү жагы камтылат. Ошол эле кечки же улуттук кийим кийүү да кошулган. Анан эле бүткөндө сындагандар четтен чыгат”,-деп белгилейт 2016-жылдагы ОшМУнун сулуусу наамын алган Жумасия Нышанова.

Бул арада серепчилер учурдагы сынактарда улуттун жүзүн даңазалаган келбет жана сүйлөө маданиятын билген кызды кездештире албай турганын айтат. Андай катышуучу болсо да, татыктуу кыздар көп учура жеңишке жете алышпайт Анткени “кыргызчылык же жеңүүчүнү алдын ала тандап койгон” учурлар ар бир экинчи сынакта болот дешет коом өкүлдөрү.

“Сынактын мазмуну менен формасы төп келбейт. Мисалы, программасы өтө жөнөкөй. Бирок катышуучу ага да алгылыктуу жооп бере албайт. Калыстар деп чакырышат, ал ким, маданиятты түшүнгөн адамбы? Ушуну эске алсын уюштуруучулар. Сулуу атка конгон кызды социалдык абалына карап тандашат”,-деп белгиледи педогог Мастура Шарипова.

Ошол эле учурда сынактарды түрүнө карап сын айткандар дагы көп. Алар коммерциялык багыттагы конкурсттарды өткөрүүдө чек коюу туура эместигин, бирок өлкөдөгү окуу жайлардагы сынактардын багытын өзгөртүү керектигин белгилеп келишет.

“Коммерциялык негизде, ошол эле акча табууну максаттап конкурс уюштурса буга эч ким тоскоол болбош керек. Ал эми жогорку окуу жайындагы конкурстарда болсо студенттин сулуулугун эмес, анын билимин, интеллектуалдык деңгээлин даңазалаган конкурс өткөрүү зарыл. Анткени калктын канча бир пайызына сулуулук кызык болсо, экинчи бир катмарына студенттин кандай билим алып, эмнеге жетишип жатканы маанилүү жана кызыгаарлык. Себеби коом илим,билимдүүлөрдүн заманына карап агылып жаткан учур”,-деди журналист, блогер бири Ыдырыс Ысаков.

 

Кыргызстанда өтүп жаткан сулуулар сынактарына болгон сындар бүгүн эле пайда боло калган жок. Бул өлкөдө сулууларды тандоо кечеси башталгандан бери эле жүз берип келе жаткан көрүнүш. Өлкөдө конкурстарды көзөмөлдөгөн мекеме жок. Уюштуруучулар болсо лицензияны башка мамлекеттен сатып алышып, анан жеңүүчүлөрдү чет жакка жиберишет.

Адистер белгилешкендей сынактын мазмунун же багытын өзгөртүү үчүн коомчулуктун пикирин эске алуу зарыл. Катышуучулар болсо стилисттер менен макулдашып, Маданият министрлиги жоболорду кароосу шарт деген сунуштар айтылууда.

Сүрөттөрдө буга чейин өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүлөрү. Сүрөттөр “Спутник” сайтынан, видео
Youtube`дагы JEBE news каналынан алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген