Сынактан өткөндөр гана мекенди коргоого барат

Жоокер болууну каалагандар бир катар сынактарды тапшыруусу керек. Алгач  жоокерликке талапкерлердин ден-соолугун текшерип, андан кийин алардын күчүн жана чыдамкайлыгын аныктоочу тапшырмаларды беришет. Аталган талаптарды аткара албаган жарандар мекенди коргоо кызматына кабыл алынбайт.

Ушул жылдын 1-мартынан тартып жарандардарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу башталат. Жазгы кызмат өтөөгө тартууда мурункуга салыштырмалуу бир топ айырмачылыктар киргизилген.

Аскерге чакыруу башкармалыгынын жетекчиси Арстанбек Керималиевдин айтымында, аскерге чакырылгандар сынакта турникке тартынып,100 метрге жана 3000 метрге чуркашат.

“Тандоо учурунда коррупцияга жол берилбеши үчүн, сынак учуру видеого тартылат”,- дейт Арстанбек Керималиев.

Быйылкы  аскерге чакырууда аймактык  өзгөчөлүккө басым жасалууда. Эми түндүктөн чакырылгандартүштүктө кызмат өтөшсө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагылар Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көлдө мекен чегин коргошот.

Бул жылы  Мекенди коргоого 3 миңдей жоокер тартылат. Бул көрсөткүч 2016-2017-жылдарга караганда бир кыйла жогору. Мындай  өсүү темпин тиешелүү жетекчилик    аскердеги шарттын жакшырып жаткандыгы менен байланыштырат. Ал эми  талдоочулар жоокерлер  ортосундагы  бири-бирин басынтуу, аскерден качуу, тамак- аш сыяктуу бир топ көйгөйлөр  чечилбей, кыргыз армиясы структуралык реформага муктаж экендигин айтып келишет.

Акыркы убакта армиядагы шарттар жакшырып, аскерге баруучулардын саны өскөнүн  тиешелүү мекеменин жетекчилери айтышат. Бирок, көп жылдардан бери  күч түзүмдөрүндө иштеп келген Марат Иманкулов  мындай пикирге кошулбайт. Анткени,  жоокерлер арасындагы ур-токмоктун айынан бир нече өмүрлөр кыйылып, жаштар аскерге баруудан коркуп калганын айтат. Андыктан, командирлер аскерлерге өз балдарындай мамиле кылышы абзел.

“Армиядагы командирлер, офицерлер терең билимдүү, маданияттуу, аскерлерге өз агасындай мамиле кылып, керектүүнүн баарын акырындык менен үйрөтүүлөрү керек”,- дейт Иманкулов.

Кыргыз  армиясынын абалы учурда коомчулукта түрдүүчө пикирлерди жаратып келет.  Анткени курал жарактардын эскилиги, жоокерлердин тамак-ашынын кубаттуулугу жана ич ара тартип боюнча бир топ маселелер бар.

https://www.youtube.com/edit?o=U&video_id=HNwgN_I88fk

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.