Сыймык Жапыкеев алгачкы жыйынын өтүп, Финполдун кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев кызматкерлери менен биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Жапыкеев Финполдун кызматкерлерине резонанс жараткан иштерди кароого тапшырма бергендиги айтылат.

“Финполдун коррупциялык иштерге байланыштуу мындан аркы тактикасы боюнча маселе талкууланды. Ошондой эле экономикалык коопсуздук, коомдо резонанс жараткан кылмыш иштери боюнча жасалчу кадамдардын планы тууралуу сүйлөшүлдү. Төрага Сыймык Жапыкеев Финполдун бардык аймактар боюнча иштерин күчөтүүнү жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча тапшырма берди”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жыйында мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген жогорку кызматтарды ээлеген адамдарга карата козголгон резонанстык иштер болушу керектиги баса белгиленди. Сыймык Жапыкеев жарандар тарабынан Финполдун кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жатканы тууралуу маалымат жетсе, буга карата катуу чара колдонуларын эскертти. Учурда Финпол тарабынан бир катар ири кылмыш иштери иликтенип, тергөө жүрүп жатат.

Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагалыгы кызматка 17-октябрь күнү дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.