Сузактын уйлары менен иттерине баш калкалаар жай болгон баатырдын айкели кароосуз калды

Сузактагы Тукубай Тайгараевдин айкели Жалал-Абад шаарынын карамагына өтүшү мүмкүн.  Анткени айкел тургузулган убакыттан бери кароосуз, оңдөп- түзөөсүз калган.

Советтер союзунун баатырына арналган эстеликтин абалына жергиликтүү тургундардын зээни кейип, бийлик өкүлдөрүнүн карамагына алынып, көңүл бурулса дешет.

“Мурда суу чыкчы эле, азыр суу да чыкпай калган. Карап туруп зээним кейийт. Иттерден баштап, уйларга чейин байырлап алган бул жерди. Айыл өкмөт бир аз карамыш болгону менен, жарытылуу эч нерсе деле кылганын көрө алган жокпуз. Чынын айтыш керек, кор эле болду бул айкел”,- дейт Таш- Булак айылынын тургуну Жалил Ормонбеков.

Тукубай баатырдын айкели марафон жолу менен 4,5 миллион сомго тургузулган. Жыл сайын сырдап,  жашылдандырып турууга 150 миң сомдун тегерегинде акча керектелет. Бирок керектүү сумманы жергиликтүү бийлик каржы тартыштыгынан ажырата албайт. Жергиликтүү бийликтин айтымында, Таш-Булак айыл аймагынын казынасы 13 миллион сомду гана түзөт.

“Шаардын айкелди өз карамагына алганга мүмкүнчүлүгү бар. А биздин оңдөп- түзөп турганга кудуретибиз жетпейт, шаардагыдай КМУС ишканабыз да жок ”,- дейт Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев.

Жергиликтүү бийлик  каржынын тартыштыгынан улам Тайгараевдин эстелигин Жалал-абад мэриясына өткөрүп берүүнү көздөөдө. Айкел турган жер 380 метр квадрадды түзөт. Бирок шаардык кеңештин депутаттары ал жерди мэрияга өткөрүп алуу үчүн бир канча документтерде кемчилик бар экенин жүйөө келтирип, өткөн сессиянын  күн тартибинен алып салышкан.

Учурда жергиликтүү бийлик шаардык кеңештин депутаттары айткан документтеги кемчиликтерин толуктоодо. Алардын баары даяр болгон соң, кезектеги сессияда каралат. Эгерде эл өкүлдөрү колдоп беришсе баатырдын айкели мэрияга өткөрүлөт.  Жашылданырууга шаар бийлиги толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.