Сузактын Таран-Базар айылында жер көчкү түштү

Сузак районунун Таран-Базар айылында жер көчкү түшүп, шашылыш түрдө 12 турак үйдүн жашоочулары көчүрүлдү. Кырсык 17-апрель күнү саат 12:30 чамасында катталганын  ӨКМдин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Көчкүнүн көлөмү 192 000 м3 болуп, 12 турак үйгө 300 метр аралык калып токтогон.

Көчкү түшкөн жерде КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана айыл аймактын башчысы тактоо иштерин жүргүзүшүп, анын негизинде 12 турак жайдын жашоочулары туугандарыныкына көчүрүлгөн.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz