Сузактык багбан гилас багынан 100 тоннадан ашык түшүм алат

Рашид Бостонов Жалал-Абаддын Кара-Дарыя айылында 18 гектар кайракы жерди гилас багына айланткан. Жеке ишкер бул аймак гиластын ширесин чыгарган жер катары таанылышын максат кылат. Учурда кыялы ишке ашып, гиласты чет жакка экспорттоп, кыям жасаган чакан завод ачууга да жетишти.

“Бул жер мурда суу жетпеген адыр болгон. Учурда 18 гектар аянт бакка айланды. 2 чакырым алыстан куур аркылуу суу жеткирдик. Дарактар маал-маалы менен сугарылат”, – дейт ал.

Рашид Бостонов бул ыкма менен өзү эле пайда таппастан, түшүм бышкан убакта 500гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылат.

“Жылда жөн гана гиласты бышканда кутуга салып, коңшу өлкөлөргө экспорточумун. Бирок бара-бара түшүм чирип, кирешем артка кете баштады. Чакан завод ачпасам болбойт деп, маркум апамдын наамынан ачтым. Учурда кайра иштетип, сезонунда гиластан варенье жасап жатабыз”- деди жеке ишкер Рашид Бостонов.

Гиластын биринчи сорттогусу Орусияга экспорттолот. Калганы кичи цехте кыям жасалып, өлкөнүн бардык аймагына таратылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген