Сузакта жоголгон 14 жаштагы өспүрүм аман-эсен табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм  табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, жоголгон бала 1-майда Барпы айыл өкмөтүндө адашып кеткен. Туугандары куткаруучуларга жардам сурап кайрылышып, бала каналдагы сууга чөгүп кетиши мүмкүн деп айтышкан. Кечээ кечинде туугандары жоголгон өспүрүм табылды деп билдиришти.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 32 куткаруучу тартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.