Сузакта суу кампага бөлүнгөн акча мыйзасыз иштелип кетти

Сузакта суу кампасын жаңылоого бөлүнгөн акча мыйзамсыз иштетилип кетти. Бегабад айылынын тургундарынын айтымында жергиликтүү бюджеттен 350 миң сом бөлүнүп, былтыр суу кампа  жаңыланып бүтүшү керек эле. Бирок реконструкциялоо иштери жүргүзүлбөдү деп  жашоочулар  нааразы.

Сузак районунун Бегабад айылындагы суу кампа 2005-жылы АРИСтин долбоору менен курулган. Көп өтпөй эле жарактан чыгып, насостук станциядан келген суу элге түз бериле баштаган.

Жаңылоо иштери жүрбөгөн деп даттанышып, жергиликтүү кеңеш депутаттары менен айыл тургундары Сузак райондук прокуратурасына арызданган. Ошондо гана жаңы суу кампасына орун даярдала баштаганын жашоочулар айтышат.

План боюнча суу кампасы 2017-жылы толук реконструкцияланып бүтүшү керек эле. Эми ал иштер быйылкы жылга калтырылган. Деген менен былтыр иштетилген эмес деп айтылган каржыны жергиликтүү кеңеш 2018-жылдагы бюджеттен бекитип бериши керек болчу. Казынанын долбооруна кошулбаган үчүн каралган эмес.

Азыркы тапта Сузак райондук прокуратурасы суу кампага деп бөлүнгөн 350 миң сом боюнча териштирүүлөрдү алып барууда. Эгер жыйынтыгы жергиликтүү жашоочулардын күмөндөгөндөй болуп чыкса айыл башчы мыйзам чегинде жоопко тартылат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.