Сузакта сугат сууга болгон карыз 1,5 миллиондон ашты. Эми эгин талааларга суу берилбейби?

Быйыл Сузак районун Атабеков айыл аймагындагы эгин талааларга суу берилбей калышы мүмкүн. Анткени аталган айыл аймактын “Бегабад” суу пайдалануучулар ассоциациясынын сугат-сууга болгон карызды 2013-жылдан бери төлөбөй, натыйжада карыздынөлчөмү 1,5 млн сомго жеткен. Мындан улам убагында карызын төлөбөгөн аймакты Сузак суу-чарба башкармалыгы сотко берип, айыл өкмөттүн эсебин жаптыруу менен, суу берүүдөн баш тартууда.

Апрель ортологондо Сузактын баардык эгин аянттарына суу бериле баштайт.1000 гектар сугат жери бар Атабеков айыл аймагы 5 жыл аралыгында чогулган 1,5 млн карыздын 80 миңи гана төлөнгөн.

“Сууга болгон карызын төлөй албаган аймактарга суу берүүнү токтотобуз. Себеби бул- жетекчиликтен келген буйрук. Карыздарын төлөбөгөн аймактардын айынан биз сөгүш угуп жатабыз”,- деди Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Кочкорбай Алдосов.

Аталган суммадагы карыз “Бегабад” суу пайдалануучулар бирикмесине тиешелүү экендигин жергиликтүү бийлик маалымдады. Анткени жыл сайын 3 миллион сомго жакын акча суу пайдалануучулардан салык катары жыйналып,  800 миң сому суу чарба башкармалыгына төлөнүп турушу керек. Бирок 5 жыл аралыгында суу пайдалануучулар бирикмесинде үч жетекчи алмашып, ал карыз айыл өкмөткө калган.

“Азыр башка жетекчи койгонбуз. Иштеп атат, былтыркы карыздарды жыйнап атат. Мурдагы жетекчи эл менен келишим түзбөй эле иштеп, түшкөн акчаны өз чөнтөгүнө сала берген экен да”,- дейт “Атабеков” айыл аймагынын башчысы Шухрат Шералиев.

Карыздын  5%ын гана төлөгөн Атабеков айыл өкмөтүн Сузак райондук суу чарба башкармалыгы жыл башында сотко берип, мартта эсебин жаптырып койгон. Жазгы талаа иштери башталган мезгилде каржысын пайдалана албай калган жергиликтүү бийлик соттон убакыт сурап,17-апрелге чейин узарткан. Эгер кечиктирилсе, жергиликтүү казынанын эсеби жабылып, сугат суу берилбейт.

Сузак районунун акими Эрмекбай Омошевдин айтымында, аталган айылга суу сөзсүз берилет жана карыз да өндүрүлөт.

“Негизи суу берилбей калат дегенден алыс болуш керек. Эски карыз эски карыз боюнча турат. Жаңы жылга карата сууну бердиртебиз. А жаңы жылга болгон суунун төлөмдөрүн суу пайдалануучулар  менен сүйлөшүп,төлөтүп беребиз. 5-6 жыл мурдагы карыздар да өндүрүлөт”,- дейт Омошев.

Сузак районунда жалпы 13 суу пайдалануучулар ассоциациясы болсо, 12синде карыз жок. Аларга 15-апрелден тарта суу бериле баштайт. “Бегабад” суу пайдалануучулар бирикмесине болсо, суу берүү азырынча анык эмес. Учурда аталган бирикме  абоненттеринен карыз жыйноону баштады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген