Сузакта кыздарды сойкулукка мажбурлаган аял кармалды Видео

Сузак районунда мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жай аныкталып, ээсине карата кылмыш иши козголду.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, криминалдык милиция кызматы оперативдүү маалыматтардын негизинде, Сузак районунундагы белгисиз жайда, колундагы кыздарга кордук көрсөтүп зомбулукка салып иштетип жүргөн жаранды аныкташты.

Зомбулукка кабылган кыздардын алгачкы тергөөгө берген көрсөтмөлөрү боюнча, жашыруун жайды уюштурган айым кыздарды алдоо жолу менен сойкулукка мажбурлаган.  Аларга жумуш таап берүү максатында алып келип, жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан камап, иштетип жүргөн.

Бул факты боюнча  Кылмыш Жаза кодексинин 261-статьясы (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү ) менен кылмыш иши козголду.

Алардын арасынан 3 кыз кожойкеден жабыр тартып, ырайымсыз кордукка кабылгандыгын билдирип облусттук милицияга арыз жазып тергөө иштери улантылып жатат.

Жабыр тарткан кыздар менен учурда психологдор жумуш алып барып, Жалал-Абад шаарындагы калыбына келтирүү борборуна жайгаштырылды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген