Сузакта кооптуу аймактан көчпөй жаткандар туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында  көчкү активдешип, жаңы жаракалар пайда боло баштады. Алардын ичинен  Акчалуу айылында 300 метрлик жарака көчсө, он бештей турак-жайды жана бир нече айылга алып барчу жолду басып калышы ыктымал.

Акчалуу айылынын жашоочуларынын баары  туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Мындан сырткары айылдагы негизги жол да көчкү коркунучунда делип жабылды. Ал жол аркылуу жергиликтүүлөр жогорку айылдарга жана жайлоого катташчу. Адистердин айтуусунда мында болжолдуу 1,5млн куб көчкү түшүшү күтүлүүдө.

Кызыл-Тууда жер көчкү ыктымалы Акчалуу айылында эле байкалган жок. Ак-Булак айылында да 60 метрди түзгөн эки жарака пайда болгон. 70 үй кооптуу деп табылып, жашоочулары убактылуу көчүрүлдү.

Учурда ӨКМдин адистери Кызыл-Туу айыл өкмөтү менен кошо Сузак районун баардык аймактарында мониторинг жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы менен кооптуу аймактардын саны дагы артарын адистер болжолдошот.

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн кожолуктардын баарына былтыр жер тилкелери берилип бүткөн. Кайра барып алышпасын деп электр жарыгы үзүп салышты, түшүндүрүү иштери уланууда. Ал эми кооптуу деп жабылган Акчалуу-Кара-Көл жолунун ордуна алтернативдүү жол салуу боюнча тийиштүү тармактар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген