Сузакта илдет катталган айылдарга блок-посттор коюлду

Сузак районунун карантин жарыяланган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарындагы 19 жерге блок-посттор орнотулганын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев Жалал-Абадда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Ал айылдарда адамдардын кирип чыгышына чектөө киргизилет. Сыртан келген адамдар болсо артка кайтарылып жатат. Жергиликтүү тургундарга бул боюнча тушүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кырдаалга байланыштуу блок-посттордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн», – деди Жолдошев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 18-мартта Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга райондун 70, 62, 42 жаштагы үч тургунунан коронавирус табылганы себеп болду. Алар Сауд Арабиясына умра сапарына барып келген.

Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген