Сузакта элеттиктер агынды сууну ичүүгө аргасыз болушууда

Сузак районунун Бегабад айылында 600гө чукул үй-бүлөнү таза суу менен камсыздап келген насостук станция жарактан чыгып, жаңыланбай жатат. Мындан улам элеттиктер төрт айдан бери таза сууга муктаж. Ошондон бери жергиликтүүлөр агынды сууну ичүүгө аргасыз. Анын айынан жаш балдар арасында сарык оорусу күч ала баштаганын жашоочулар айтып даттанушууда.

Бегабад айылына 1970-жылдары эгин талааларын сугаруу  үчүн насостук станция курулган. Кийинчерээк, элди таза суу менен камсыздаган насос иштен чыгып, ордуна пайдаланылып калган. Ал да былтыр декабрда жарактан чыккан.

Жергиликтүү бийликтин таза суунун 4 айдан бери үзгүлтүккө учураганынан кабары бар. Деген менен насостук станция өзүн-өзү каржылашы керектигин билдиришет. Суу соргуч айыл өкмөттүн балансында турган үчүн жаңылоого 120 миң сом бөлгөн. Жакында жаңы насос алынып, апрелдин башында ишке кирээрин убада кылышууда.

Атабеков айыл өкмөтүндө  жалпы 28 миң жашоочу болсо, аларды таза  суу менен камсыздоочу 18 насостук станция бар. Бүгүнкү күндө анын 17си иштейт. Ал эми жарактан чыккан Бегабаддагы насостук станциядан 700 түтүн таза суу иччү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген