Сузакта электр энергиясына эл убактылуу акча төлөбөйт

Сузак райондук электр энергиясын сатуу ишканасы жумушун убактылуу чектеди. Учурдагы кырдаалга байланыштуу абоненттерден кассага келип, акча төлөөгө тыюу салынат. Ошондой эле, электрэнергиясынын төлөмүнөн карызы бар пайдалануучулардын жарыгы өчүрүлбөйт жана карызга кошумча туум кошулбайт. Бул тууралуу “Жалал-Абад электро” ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашканын, “Ынтымак” ТВнын бул облустагы кабарчысы Кабылбек Көчкөнбай уулу билдирди.

Буга чейин бийлик өкүлдөрү өзгөчө абалда төлөөнүн электрондук варианттарын колдонууга чакырган.

Кыргызстанда 26-мартка карата коронавирусту жуктургандардын саны 40тан ашты. Өлкөдө вирустун жайылып кетүүсүнө каршы күрөшүү үчүн өкмөт катуу чараларга барып, өлкөнүн бир катар аймактарына өзгөчө абал киргизди.

25-марттан баштап, 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абаддын Сузак районуна өзгөчө абал жана түнкү убакта коменданттык саат киргизилди. Эгерде жарандар талаптарга баш ийбесе, жоопкерчиликке тартылаарын катуу эскертүүдө.

15:00гө карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруунун жаӊы учуру жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген