Сузакта үч адам күйдүргү оорусу менен ооруканага түштү

Жалал-Абаддын Сузак районунда ылаңдаган малдын этин жеген 3 адам күйдүргү (сибирь жарасы) диагнозу менен ооруканага жаткырылды.

Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, Сузак районунун Ынтымак айылынын тургуну ылаңдаган малын союп, 3-ноябрь күнү айылдыктарга тараткан. Эттен оору жуктурган кишилер 17-ноябрда гана ооруканага кайрылышкан.

Учурда айылдын 100 дөн ашуун  тургуну медициналык кароодон өткөрүлүп, дары-дармектер таратылып жатат. Ал эми алардын анализи 10 күндөн кийин чыгат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген