Сузакта айыл өкмөт акча кымырууга айыпталууда

Сузак районунун Атабеков айыл аймагында таза суу кампалары үчүн бөлүнгөн 700 миң сомдон ашуун каражат кымырылган. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар жана айылдык кеңештин депутаттары айтып чыгышты.

Алар 2017-жылы Түркабад айылына жаңы суу кампа куруу жана Бегабад айылындагы суу кампасын реконструкциялоого деген каражатты аймак башчысы кымырып алган деп айыптоодо.

Бегабад айылындагы суу кампасы 2005-жылы АРИС долбоору аркылуу курулуп, 2010-жылдары иштен чыгып калган. Ошондуктан аны кайрадан реконструкциядан өткөрүү зарыл болуп, казынадан 333 миң сом бөлүнөт. Ал 2017-жылы толук оңдоодон өтүшү керек эле. Бирок  бүгүнкү күнгө чейин суу кампа иштебей турат.

Эч нерсе өзгөргөн жок, кандай болсо ошол бойдон эле турат. Түтүктөрдү алып келип таштап койгон. Бирок баштала элек”,- дейт айлы тургуну Абдукахар Сайдубалиев.

Бул суу кампасы боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары да кабардар болуп, атайын комиссия түзүп текшеришкен. Жыйынтыгында эч кандай оңдоо иши болбогону  ачыкталган.

“2005-жылы Юсайддын программасы менен курулган экен. “Хан Теңир” деген компания аркылуу жасалган. Бирок 2017-жылы кайра эле ушул кампаны бюджеттин акчасынан жасалды деп документ даярдашкан. Бул боюнча айылдык кеңеш прокуратурага кайрылган”,-дейт айылдык кеңештин депутаты Равшанбек Азимов.

Бул жагдай боюнча көзөмөл органына кайрылуу жасалып, сот айыл башчысын эки жылга шарттуу кескен. Бирок депутаттар ага макул болбой, облустук сотко кайрылышкан. Анткени мунун баарын аймак башчынын көзөмөлү жок кызматкерлер жасай алышмак эмес. Андыктан алар айыл өкмөтту да  жоопко тартылуусун талап кылууда.

Атабеков айыл аймагынын Түркабад айылына да 412миң сомго жаңы суу кампасы курулушу керек эле. Бирок ал жерде да бүтпөгөн ишке документ даярдалып, акча жең ичинен бөлүнүп кеткен -дешен жергиликтүүлөр. Анткени ал жерде 412 миң сомдук иш аткарылмак тургай,айыл өкмөт сатып алганбыз деген айрым курулуш материалдары да айылдан эле чыккан эски түтүктөр экени айтылды.

Жогорудагы айыптоолордун баарын Атабеков айыл аймагынын башчысы четке какты. Бирок ошол эле учурда канча каражатка суу кампа үчүн курулуш материалын алганын жана эмнелерди курганын тастыктоочу документтерди көрсөтө алган жок.

“Бардык документтер экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы алып кеткен. Биздин колубузда документ бизде деген кагазы бар”,-дейт Атабеков айыл аймагынын башчысы Шухрат Шералиев.

Азыркы тапта бул боюнча облустук сот ишти кайра тергөөгө жиберген. Анын жыйынтыгы менен канча акча кымырылган жана ага кимдер күнөөлүү экени аныкталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген