Сузакта 3 жаштагы наристе сабалып каза болду. Шектүү катары жеңеси кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 жаштагы бала катуу сабалып каза болду. Бул тууралуу “Ынтымакка” облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунун Октябрь айылдык ооруканасына ошол эле айылдын 2017-жылы туулган баланын жансыз денесин алып келишкен. Анын денесинде көптөгөн көк ала тактар бар болгон.

Аталган факты Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “денеге оор залал келтирүү” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Баланын өлүмүнө шектелип аны карап жүргөн жеңеси кармалган. Учурда анын жаш баласы болгондуктан баш коргоо чарасы каралууда.

Каза болгон баланын атасы Орусия өлкөсүндө иштейт, ал эми апасы 2019-жылы каза болгондугу маалымдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген