Сузакта 200 үй сел коркунучунда турат

Алдыдагы нөшөрлүү жаан-чачында Сузакта ири сел жүрүшү мүмкүн. Эгер Көк-Арт дарыясы көтөрүлсө, 200 турак-жай менен кошо үч айыл өкмөттүн эгин талааларына суу барчу канал жарактан чыгат.

Сузактын Жыгач-Коргон айылында коркунуч  барган сайын жогорулаганы менен 1200 метрлик дамба курганды жергиликтүү бийлик планга киргизе элек. Анткени Ленин айыл өкмөтүнүн казынасы 10 миллион сомду түзүп, жээк бекемдөөгө артпайт. Ошол себептүү республикалык бюджеттен көмөк күтүүгө аргасыз болуп турушат.

Көк-Арт дарыясынын бекемделбей калып кеткен жээги сел каптоо ыктымалын жаратып турат. Эгер алдыдагы нөшөрлүү жаандарда суу ташкындаса, Жыгач-Коргон айылындагы 200 турак үй коркунучта калат. Эгин талааларына суу барчу каналды да дарыя ташкыны алып кетүүсү ыктымал.

ӨКМдин облустагы башкармалыгыда дамба куруу зарылчылыгы жыйырма жылдан бери жаралып келгенин тастыкташты. Бирок жергиликтүү эл сүрөттөгөндөй кооптонуу жок дешет. Анткени айыл дарыянын деңгээлинен бир канча метр жогору турат. Мындан сырткары ал жердеги 1200 метр аралыктын баарын тоспостон, азыраак каражат менен суунун нугун буруу жагы каралып жатат. Азырынча сметалык баасы жана каржы булагы аныктала элек.

ӨКМден билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда суу ташып кетүү коркунучу бар 500дөн ашуун объект бар. Дарыя жээктерин бекемдөөгө республикалык казынадан жылына 400 миллион сом бөлүнүп турат. Бул өлкө аймактарына бөлө келгенде өтө аз сумма.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген