Сузакта 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунан Кемпир-Абад каналынан 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Издөө иштерине 20дан ашык куткаруучу, үч суучул, Ички иштер министрлигинин он кызматкери, айыл өкмөттүн үч кызматкери, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган”, – деп жазылат билдирүүдө.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, министрлик сууда коопсуздук эрежелери жана жүрүм-турум эрежелери сакталгандыгын айтты.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.