Сузак: жер көчкү 10 үйгө жакындап жатат

Эки жерден сүрүлө баштаган жер көчкү 10 үй-бүлөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Аларды көчүрүүгө эскертүү берилди.

13-марта эрте менен райондун Кызыл-Туу айыл аймагынын Соку-Таш айылында адырда жер көчкүнүн сүрүлүүсү байкалган. Бул тууралуу бүгүн ӨКМден билдиришти.

ӨКМ өкүлдөрү кечээ жерине барып текшерүү иштерин жүргүздү. Натыйжада жантаймада эки жеринен жер көчкү сүрүлгөндүгү аныкталган. Биринчи жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 84 миң метр куб, экинчисинин көлөмү 480 миң метр кубду үзөт. Жакын жайгашкан 10 турак-жайга кооптуу абал жаралган, анын ичинен 2 үйгө болжол менен 250 метр аралык калган.

Жакын аралыкта жайгашкан 2 турак-жай мыйзамсыз түрдө курулгандыгы аныкталды. Калган 8 турак-жайдын ээлери 1994-жылы мамлекет тарабынан жер тилкелерин жана ссудаларды алышкан. Бирок, тилекке каршы ушул күнгө чейин кооптуу аймакта жашапкелишет.

ӨКМ өкүлдөрү жергиликтүү бийликке кооптуу аймактагы тургундарды көчүрүү боюнча эскертмелерди берди

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz