Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди

Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу аталган райондун акими Эрмек Алянов билдирди.

Өзгөчө кырдаал учурунда төмөнкү чектөөлөр киргизилет:

  • Өзгөчө кырдаал учурунда жалпы коомдук көзөмөлдү, мамлекеттик жана стратегиялык маанилүү объектилерди жана жалпы коомдук транспортту көзөмөлгө алууну күчөтүлөт.
  • Адамдардын  көп чогулуусуна алып келген массалык иш чаралар өткөрүлбөйт.
  • Сузак районунун аймагынан транспорттун баардык түрү менен чыгууга чектөө киргизилет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 18- мартта Сауд Аравиясынан учуп келген Сузак районунун үч жаранынан коронавирус аныкталган.

Кыргызстанда коронавирус катталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген