Сузак районунда өзүн сууга таштап жиберген аял куткарылды

Сузак районунун Мундуз айылында 1985-жылы туулган, С.Т. өзүн-өзү өлтүрүү максатында  Көк-Арт дарыясына боюн таштаган. Жергиликтүү тургундар аны куткарып, суудан алып чыгышкан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге куткаруучулар барып, кырдаалды көзөмөлгө алышып, аялды Сузак РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.