Сузак районунда массалык түрдө уулануу катталды

Сузак районунда массалык уулануу болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Анын айтымында, биринчи оорулуулар 11 -октябрдан тарта райондук медициналык борборго кайрыла башташкан.

” Жалпысынан 66 адам медициналык жардам сурап кайрылган, алтоо ооруканага жаткырылган, алардын үчөөсү балдар. Алардын абалы канааттандырарлык “, – деп билдиришти башкармалыктан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ууланууга тойдо берилген эт себеп болгон.

“Үлгүлөр алынды, изилдөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча маалымат берилет “, – деп билдиришти министрликтен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.