Сузак: мектеп директору ашканадагы отургучтарды сатканбы? Видео

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектептердин биринде окуучулар тик турган абалда тамак жеп жаткан видео интернетке тарады. Айрым маалымат булактарында ашкананын отургучтары темир катары сатылып кеткени айтылды. Бирок, мектеп директору Калипа Керимбекова ал видео тасма окуу жылынын башында, отургучтар орнотула элек маалда, каралоо масатында атайын тартылып алынганын “Ынтымакка” маалымдады. Анын кошумчалаганындай, окуучулар бир апта гана тик туруп тамак жеген. Кийинчерээк жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр ал көйгөйдү чечүүгө көмөктөшкөн.

Интернетке тараган видео тасма Сузак районундагы № 15 Мубарак Юсупова атындагы мектептин ашканасында тартылган. Андан окуучулар тик туруп, ыңгайсыз абалда тамак жеп жатканын көрүүгө болот. Мындай көрүнүш ата-энелердин нааразычылыгын жараткан. Өзүн ата-энелер комитетинин мүчөсү катары тааныштырган Бабур Иномов окуучулар эки жылдан бери эле, отургучу жок тамактанып келгенин айтат.

 

Ошондой эле ата-энелер тарабынан ашканадагы 100 даана отургуч сатылып кеткендиги да айтылууда. Ал эми мектеп жетекчиси, аны “курулай доомат” дейт.

Ашканадагы отургучтар ар башка жактан чогултулганы байкалат. Анткени алардын көлөмү, көрүнүшү ар башка.

Видео: Элдияр Бакиров

Мектеп жетекчиси жергиликтүү бийлик отургучтарды толук бүтүрүп берсе, ал көйгөй чечилет деп убады кылды. Ошондой эле интернетке тараган тасма атайын каралоо үчүн жарыяланганын белгиледи. Анкени мектеп жетекчисин буга чейин жумуштан кетирүү аракети болгон. Аны ал жерде иштеген айрым кызматкерлер да ырасташты.

Жогорудагы чуулгандуу видео тасма интернетке тарагандан кийин, Сузак райондук билим берүү бөлүмү, көзөмөл органдар териштирүү ишин баштаган. Аталган мектепте 1535 окуучу билим алат. Алардын 770и ысык тамак ичишет.

Эске салсак, буга чейин Базар-Коргон районундагы бала бакчалардын биринде тамактан курт чыкканы боюнча видео тасма тарап, жетекчиси иштен алынган болчу.

Жалал-Абаддагы балдар бакчасында тамактан курт чыкты. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.