Сузак: 9 жаштагы Сумаяны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Сузак районундагы 9 жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Анда маалымдалгандай, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жана Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөсүндө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып, анын кийимдерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Учурда тергөө, иликтөө амалдары жүрүүдө.

Шектүү Сузак районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн. Он жыл мурда үй-бүлөсү кетип калгандыгы жана ал үйүндө жалгыз жашап жүргөндүгү такталды. Тергөөнүн жүрүшү менен Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы аркылуу кошумча маалыматтар берилет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 18-ноябрында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун тургуну 1984-жылы туулган С.У. ошол эле күнү саат 12:40 чамаларында кызы 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Дайынсыз болуп жаткан Сумаяны издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, 250 элдик кошуун жана коомчулуктан 150 ыктыярчы тартылып, Сузак айылынын 8540 кожолук, курулуп бүтпөй кароосуз калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад – Сузак каттамында каттаган 6 маршруттук таксилер жана 78 жеке таксилер текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.