Суюк калдыктар жана аларды жок кылуу

Таштандылар адамдын жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Цивилизациянын өнүгүшү менен таштандыларды зыянсыздандыруунун жана жок кылуунун барган сайын алдыңкы жана үнөмдүү ыкмалары ойлоп табылган. Бүгүнкү күндө көптөгөн тиричилик жана өндүрүш калдыктарын кайра иштетүүгө болот. Бул үчүн тиешелүү жабдуулардын ар кандай түрлөрү иштелип чыккан. Бирок суюк тиричилик таштандылары кайра иштетилбейт. Аларды атайын техникалар менен алып чыгып жок кылышат.

Мындай калдыктар адатта эки класска бөлүнөт – өнөр жай жана тиричилик. Аты айтып тургандай, биринчилери ишканалардын иштешинин натыйжасында түзүлөт. Мындай калдыктар уулуу, кээде адам үчүн өлүмгө алып келиши мүмкүн жана айлана-чөйрөгө орду толгус зыян келтириши мүмкүн. Буга байланыштуу суюк өнөр жай калдыктарын жок кылууну көзөмөлдөө менен атайын көзөмөл кызматтары алектенет.

Суюк тиричилик таштандылары канализация системасы менен жабдылбаган  үйлөрдө жана башка имараттарда пайда болот. Бул заң массалары жана чайынма, мончо бөлмөлөрүнүн агындылары; кээде алар агынды сууларды да камтыйт – атмосфералык жаан-чачындын кесепеттери. Мындай калдыктар шарттуу түрдө коопсуз деп эсептелет. Бирок турак жайлардын жанында узак мөөнөттүү сактоо менен туруктуу жагымсыз жыт гана эмес, келемиштердин жана оору пайда кылуучу бактериялардын көбөйүшүнө жана уулуу газдардын (метан, күкүрт суутек, аммиак) чыгышы үчүн шарттар пайда болот. Ошондуктан ар кандай суюк тиричилик калдыктары дайыма чыгарылып турушу керек.

Суюк тиричилик таштандыларын утилизациялоо тартиби

Канализация системасы менен жабдылбаган жеке менчик жайлардын ээлери тиричилик таштанды көйгөйлөрүн чечүү үчүн төмөнкү маселелерди чечиши керек:

• Массаларды агызуу жана сактоо үчүн таштандылар чуңкурун жабдуу

• Ассенизация (белгилүү бир жыштык менен таштандыларды сордуруу жана чыгаруу) боюнча кызмат  көрсөтүүчү фирманы тандоо

• Таштанды чуңкуруна жанаша жайгашкан аймактын экологиялык абалына көзөмөл жүргүзүү.

Эгерде агызуу чуңкурлары туура эмес жасалса, топуракка, жер астындагы сууларга, кудуктарга, жада калса жакын жайгашкан дарыяларга жана көлдөргө коркунуч келтириши мүмкүн. Коопсуздук эрежелерине ылайык мындай чуңкурларды үйлөрдөн жана башка турак жайлардан 6 м аралыкта жана ичүүчү суу булактарынан 50 м кем эмес аралыкта казса болот. Таштандылар чуңкурлары милдеттүү түрдө тосмолор менен тосулуп,  гидроизоляция болуш керек. Чындыгында “чуңкур” деген нерсе – бул капкагы менен бекем жабылган жылчыксыз аң.

Үйлөрдүн жана коттедждердин жаман суулар куюла (төгүлө) турган чуңкурларын тазалоонун сунушталган жыштыгы айына эки жолудан кем эмес. Соруп чыгаруу процедурасы бир убакта 3 куб метрге жакын тиричилик таштандысын ташыган атайын машиналарды колдонуу менен жүргүзүлөт. Бирок ассенизаторлор кызматтарын минималдуу пайдалануу үчүн вариант бар. Бул үчүн стандарттуу таштанды чуңкурдун ордуна тилкеде канализациялык септик жабдылышы мүмкүн.

Септик – бул атайын бактериялардын жардамы менен таштандыларды чыпкалоочу жана тазалоочу атайын үч камералуу резервуар. Ал өнөр жайлык саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын үлгүсү боюнча жасалган. Септиктин жардамы менен алынган тазаланган сууну сугаруу үчүн колдонсо болот, ал эми катуу массаларды чыпкаланбаган суюк тиричилик таштандыларына караганда алда канча аз чыгарууга болот.

Ассенизация кызматтарын көрсөтүүчү фирмаларды тандоодо, иштин бул түрүнө уруксаттын негизинде иш алып барган компанияларды чакыруу маанилүү экенин унутпаңыз. Башкача айтканда, таржымалы белгисиз, сизден алынган таштандылар кантип жана кайда ташталганы боюнча маалыматтары жок жеке ишкердердин кызматынан пайдаланбай, ишенимдүү компаниялардын кызматына кайрылуу маанилүү. Текшерилген уюмдардын тандоосу сордурулган фекалдык жана саркынды суулардын калдыктарды утилизациялоо тутумдарына (мисалы, Бишкек шаарында булар шаардык суу канализациясынын тазалоочу станциалары)  чыгарылышына, уруксаты жок жерлерде жеке ишкерлер тарабынан ташталбашына  көбүрөөк кепилдик берет.

Бул материал GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасында жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» кыргыз-герман-швейцариялык программасынын алкагында даярдалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.