Сууга чөгүп бара жаткан өспүрүмдү куткарып калышты

Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагындагы Комсомол көлүнө чөгүп бара жаткан баланы куткарып калышты. Өспүрүмдү 13-августта сууга чөмүлүп жатып, чөгүп бара жаткан жеринен көрүп калышкан. Учурда куткарылган баланын абалы жакшы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, ошол эле күнү Бишкек шаарынан сууга чөгүп кеткен дагы бир аялды алып чыгышты. 45 жаштагы аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.