Сууга агып кеткен 2 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Дагы үч адамды издеп жатышат

ӨКМ куткаруучулары бүгүн, 6-июлда сууга агып, дайынсыз болуп жаткан үч адамдын сөөгүн издөөнү улантышат.

Свердлов районунда 27 жаштагы эркек киши Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Ысык-Атада да ушул эле каналга 15 жаштагы өспүрүм түшүп кеткен. Аларды издөө иштеринен натыйжа боло элек.

Чаткал районундагы Курулуш айылындагы Чаткал дарыясынын ортосундагы аралчага “Концлер Аурум” алтын кен казуучу ишканасынын котормочусунун жансыз денеси агып келип туруп калгандыгын жергиликтүү тургундар көрүшкөндүгү аныкталган. Куткаруучулар барган мезгилде эркек адамдын жансыз денеси жок болуп чыккан. Азыр аны издөө уланууда.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында кечээ түштөн кийин эки жаштагы кыз Бозала-Бостон сугат каналына түшүп, агып кеткен. Куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында саат 22:50дө маркумдун жансыз денеси табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.