Суу жетпеген суук жерге күнөскана куруп, өз айылына жаңылык киргизген дыйкан ким?

Өлкөнүн эң алыскы аймагы болгон Лейлектин Көк-Таш айылында биринчи жолу күнөскана курулуп, сыноодон өттү.

Кышы суук,  жазы салкын тоо арасындагы Лейлектин Көк-Таш айылында калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет. Сугат суунун жетишпестигинен, эгин талааларынын жоктуганан дыйканчылык өнүккөн эмес. Ошентсе да, элеттиктерден эң алгачкы болуп Кенжебай Дүйшөбаев дыйканчылыкка кол урап, күнөскана курду. Бир жыл ичинде эки жолу түшүм алып, жыйынтыгы жаман эмес дейт дыйкан.

 “Бизде кун 23 градуска чейин суук болот. Ошондуктан, биринчи түшүм жакшы болбой, базарга алып чыккан жокпуз. Үйдө эле балдар менен жедик”,-деди Кенжебай Дүйшөбаев.

Биринчи жолу күнөскана иштетип жаткан дыйкан помидор, бадыраң өстүрүп көргөн. Алгачкысы гүлүн эрте төгүп, түшүмүн алган эмес. Айыл деңиз денгээлинен 1800 метр бийиктикте болгондуктан, климаты салкын келип, күнөскана көп жылуулукту талап кылган. Ал эми экинчи түшүм мол болуп, ар бир түп бадыраңдан 10 киллограмга чейин түшүм алган.

 “Кечкисин сөзсүз печкага от жагып, көмүр салабыз.Биринчи жылы күнөскана иштетип жаткандыктан, бир аз кыйналдык. Кийинки жылы эмгегибиз акталат деп үмүттөнүп жатабыз”,- дейт дыйкан.

Дыйкан күнөскананы куруп, ишке киргизүү үчүн 450 миң сом сарптаган. Күнөсканадан алган жашылчаларды Исфана базарларына жана айылдаштарына өткөрөт.

Көк- Таш айылында жашылча өспөгөндүктөн, жергиликтүү жашоочулар шаардан алып келишчү. Кенжебай Дүйшөбаевдин аракети менен тургундар айылдан чыкпай эле дүң баада жаңы жашылчалар менен камсыз болуп жатышат.

Айыл борбордон 1100 чакырым аралыкта жайгашып, тажикстандын 10дон ашык айылы менен чектешет. Тоо арасында жайгашкандыктан, эгин талаалары жокко эсе. Андыктан, айылдыктар гектар жерди, сууну талап кылбаган кирешелүү күнөскананы колго алганы турушат. Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында учурда 600дөн ашуун  кожолук бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген