Сутка ичинде вирустан 13, пневмониядан 44 бейтап каза болду

Өткөн сутка ичинде 13 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын ичинен:

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 67 жашта);

№ 6 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 3 (3 эркек, 69-55-70 жашта);

Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);

Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 53 жашта);

Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 64 жашта, аял 55 жашта);

Жайыл аймактык ооруканасынан – 3 (эркек, 63 жашта, 2 аял – 59-70 жашта);

Москва аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 49 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 112 кишини түздү.

Бир сутка ичинде пневмониядан 44 бейтап каза болду.

Алардын ичинен 14 адам республика боюнча жана Бишкекте 30 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 268 адам.

8-июль: Вирус дагы 345 кишиден чыкты

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.