Сургутта өрттөн каза болгон бир туугандардын сөөгү Базар-Коргондо жерге берилди

Орусиянын Сургут шаарында өрттөн каза болгон 9 жана 6 жаштагы балдардын сөөгү өлкөгө келип, Базар-Коргон шаарында жерге берилди.

Балдарды акыркы сапарга узатууга алардын энеси келе алган жок.

Буга чейин балдарын жоготкон эненин абалы оор экендиги айтылган. 

“Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылды. Бирок 15-мартка белгиленген соттук отурумга апасы келе албай калды. Азыр анын абалы оор, психиатриялык ооруканада жатат. Соттук отурум 17-мартка жылды. Келин 1989-жылкы, бир нече жыл мурда 13 жаштагы кызы да кайтыш болуп кетиптир. Эми колундагы эки баласынан ажырап, абалы өтө оор”,-деп билдирген Сургуттагы кыргызстандыктардын диаспорасынын төрагасынын орун басары Аваз Халманбетов. 

Эске салсак, Сургуттагы “Здоровье” кооперативинин Брусничная көчөсүндө жайгашкан үйдөн 11-марттын таңында өрт чыккан. Өрттөн беш жана сегиз жаштагы бир кыз, бир уул уктап жаткан бойдон жан берген.

Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, өрттүн себептери иликтенүүдө.

Расмий маалыматта Кыргызстандан Орусияга иш издеп кеткен жарандарынын саны 600 миңден жогору. Бейрасмий 1 миллиондон ашуун мигрант бар экени айтылып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.