Сурамжылоо: Президенттикке ким татыктуу?

Кыргызстанда Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.  Талапкерлигин көрсөтүүнү каалагандар БШКга арызын 15-августка чейин калтырышы керек. Учурда шайлоодо ат салышууну каалагандардын саны 30 га жетти. Алардын көбү өзүн-өзү көрсөтсө, калганын саясий партиялар сунуштаган. Алардын ичинен “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоп, талапкер катары көрсөтсө, “Ак шумкар” партиясы Темир Сариевди сунуштады. Ал эми “Адам укуктары” партиясы Турсунбек Акундун, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Адахан Мадумаровдун, КСДП партиясы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz