“Супара” этнокомплексинин курулуп жаткан имараты менен 6 боз үйү күйүп кетти. Фото

Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплексинин  чыккан өрт жаңы курулуп жаткан имарат менен алты боз үйдү жок кылды. Тилсиз жоо жалпы 1000 чарчы метрди каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин  басма сөз кызматы кабарлады. 

Азырынча өрттүн  эмнеден чыкканы  айтылган жок.  Алдын ала маалыматка караганда, адам өмүрүнө зыян келген эмес.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей  өрт тууралуу малымат түнкү саат экиде түшкөн. Жалпы жети өрт өчүрүүчү топ жиберилип, этнокомплексти каптаган тилсиз жоо саат төрткө жакын  чектөөгө алынып,  06:46 да  толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн  келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген