Сулуулар сынагына катышкан жигит соцтармакты жарды

Казакстанда эркек бала кыздардын сулуулук сынагында финалга чейин жеткени социалдык тармактарда катуу талкууга кабылды. 22 жаштагы Илай Дягилевдин кызча кийинип, конкурска катышкан себеби өзүнчө кызык.

Илай “Miss Virtual Kazakhstan-2018” тандоосуна Арина  Алиева аттуу ысым менен  катышкан.

“Мен досторум менен мелдешип кеткем, учурда табигый сулуулукту эч ким баалабай калды. Окшош боенуп, бренд кийимдерди кийсе эле көпчүлүк ошону сулуу деп эсептешет. Ал эми мындай сынактар дал ошол табигый сулуулукту пропагандаласа, – деп өз жоругун түшүндүрдү Илай.

Талкууга түшкөн бул жигитке карата кээ бирлер”Азамат! Боенуп өзүн сулуу сезген кыздарга жооп болуптур”,- дешсе, дагы башкалары, тескерисинче: “Жигиттик намыс болуш керек, эркектер качантан баштап боенуп калышты эле”,- деген сыяктуу пикирлерин калтырышкан.

Илай Дягилев өзүнүн чыгармачыл командасы менен мода көргөзмөлөрүндө модель болуп иштейт.


Даярдаган: Наргиза Канжарбекова

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген