Султан Жумагуловдун элесине арналган көңүл айтуу китеби уюштурулду

Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтуу китеби  уштурулду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Көңүл айтуу китеби  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратында жайгашкан. Каалагандар бул жакка Султанбек Жумагулов жөнүндө пикир жана эскерүү калтыра алышат.

Эске салсак, журналист, котормочу Султан Жумагулов 8-октябрда онкологиялык оорудан  улам 59 жашында  каза тапкан. Аны менен коштошуу зыйнаты 10-октябрда  саат 10.00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Андан кийин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.