Сулайман- Тоонун түштүк тарабындагы 400дөй чарчы метр жердин мыйзамсыз сатылгандыгы ачыкка чыкты

2017-жылдын 21-июлунда Ош мэриясы К.Ж. аттуу жергиликтүү жаранга Сулайман тоосунун түштүк тарабындагы 436 чарчы метр жерге “түрдүү курулуш курууга” уруксат берген. Бирок бул жер Ош шаарынын башкы планы боюнча жалпы пайдалануудагы тилке болгондуктан, Башкы прокуратура 436 чарчы жер тилкеси менчикке мыйзамсыз берилген деген корутунду чыгарды. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 305-2-беренеси (“Жер мыйзамдарын бузуу”) жана 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш ишин козгоп, тиешелүү тараптарга иликтөөгө жиберди.

Жеңил-желпи курулуштарды тургузуу уруксаты менен беш жылдык мөөнөткө гана бериле турган жер тилкеси тектоникалык туруксуз тилке катары саналат. Андыктан, ал жердеги жашоочуларды жана курулуштарды башка жакка көчүрүү планы каралган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген