Сулайман-Тоонун үч гектар аянттындагы куураган чөптөр өрттөлдү

Бүгүн, 20-июнда Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Сулайман-Тоонун айланасындагы куураган чөптөрдү өрттөп чыгышты. Бул жайкы мезгилдеги өрттүн алдын алуу үчүн уюштурулду. Ага өрт өчүрүү кызматынан 40, музейдин 21 кызматкери тартылды.

“Биздин мекемеге Сулайман-Тоо музей комплексинин адистери куураган чөптөрдү өрттөп берүү боюнча кат жолдошкон. Ошондой эле мечиттин имамдары да ушул эле маселе менен кайрылган болчу. Биз алардын билдирүүсүнөн кийин тоонун тегерегиндеги жалпы курааган чөптөрдү өрттөп чыктык”,-деп белгилешти Ош шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын адистери.

Адистер кошумчалашкандай, өткөн жылы тоонун тегерегиндеги кургап калган чөптөрдү чаап беришкен. Бирок бул жылы тилсиз жоонун алдын алуу үчүн өрттөп жок кылууну макулдашышты.

Сүрөттөрдү тарткан : Алишер Исамов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген