FB Twitter YouTube Одноклассники

Сулайман-Тоодогу музейден тамчы өтүүдө

Оштогу Сулайман-Тоо үңкүр музейинде жаан жаган күндөрү суу өтүп, экспонаттарды сактоо кыйынга туруп жатат. Кызматкерлер тамчы тамган жерлерге чака коюп, тарыхый буюмдарды ары-бери жылдыруу менен гана абалдан чыгышат.

Башка жакка которууга мүмкүнчүлүк болбогон экпонаттарды болсо, үстүн жаап тамчыдан сакташат. Мындайда ным тартып, өз калыбын жоготуу корунучу бар.

Түптөлгөнүнө 40 жыл болгон музей бир да жолу капиталдык ремонттон өтө элек. Мындан 17 жыл мурун Оштун 3000 жылдыгына карата жеңил оңдоодон гана өткөн.

Музейдин абалы боюнча өкмөткө билдирүү жиберилген. Учурда маселе каралып жаткандыгын  маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков өзү жеринен таанышып чыгып билдирди. Бирок ал качан каралып, качан чечилерин тактап өткөн жок.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz